Бул - өлкөдөгү эң эски мектептердин бири.
Анын бүтүндөй тулку-боюн жаракалар каптап турат.
Анда сабак окуу кооптуу.
Мынакей.
Бирок бул мындай абалдагы жалгыз эле мектеп эмес.
Авариялык абалдагы мындай мектептердин саны – 204.
Бул Кыргызстандагы ар бир онунчу мектеп.
172 мектепти оңдоп-түзөтүүгө мүмкүн эмес.
Мындай мектептерде балдар менен мугалимдердин өмүрүнө күн сайын коркунуч жаралат. Муну менен эле бүтүп калбайт.
Кыргызстанда дагы 395 мектеп тезинен капиталдык оңдоо иштерин жасоого муктаж.
Алардын көпчүлүгүндө курулгандан бери бир дагы жолу оңдоо иштери жасалган эмес.
Кыргызстандагы мектептердин төрттөн бири өтө жаман абалда турат.
Бул мектептерде күнүнө кеминде 300 000 бала окуйт. Муну менен да бүтпөйт.
2011-жылы эле Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ мектептерди жалпы улуттук баалоо иштерин жүргүзүшүп, Кыргызстандын мектептеринин 80%дан ашууну кооптуу деген бүтүмгө келишкен. Он жылдан кийинки биздин изилдөө эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрсөттү.
Бүтүндөй Кыргызстан боюнча балдар жана мугалимдер өмүрүн коркунучка кептеген шартта окуп-иштеп келишет.
Эмне үчүн бул көйгөй бир нече жылдардан бери чечилбей келет?